Димаш Кудайбергендин Москвадагы концерти аншлаг менен өттү

Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин Москвадагы концерти аншлаг менен өттү. Адаттагыдай дүйнөнүн булуң-бурчунан келген күйөрмандар бул күндү чыдамсыздык менен күтүшкөн. 2 жарым саат жандуу үн менен өнөр көрсөткөн Димашка көрүүчүлөр кол чаап, сүйүктүү ырчысы менен бирге ырдашты.

БЛИЦ:

- Эң сонун. Мага абдан жакты. Азамат!

- Маанайым мыкты. Концерт керемет өттү.

- Концерт жакшы өтүүдө. Сага Димаш жагабы? Ооба.

Орусиялык композитор Димаш Кудайбергендин концертине урматтуу конок катары чакырылган. Кеченин ээси Игорь Крутойдун коштоосунда бир нече чыгармасын аткарды.

ИГОРЬ КРУТОЙ, КОМПОЗИТОР:

- Нур-Султандагы стадион 40 миң адамга ылайык. Кремлде 5500. Ал эми бул жерде 10 миң. Бирок Димаштын энергиясы ушунчалык кенен. Ал концертке келген ар бир адамга жетет. Мындай касиет ар бир ырчыда боло бербейт.

ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН, ЫРЧЫ:

- Баары сонун өттү. Менин бардык угуучуларыма рахмат. Баарыңарды жакшы көрөм.

Димаш Кудайбергендин кийинки концерттери Киевде, Германия жана Чехиянын шаарларында өтөт.

Фото: astanatimes.com