Казакстан алдыдагы 5 жылда негизги азык-түлүк товарлары менен өзүн толук камсыздайт

Казакстан алдыдагы 5 жылда негизги азык-түлүк товарлары менен өзүн толук камсыздайт. Айыл чарба министрлигинде 2024-жылга чейинки импорттун ордун толтурууга арналган мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө негизги азык-түлүк товарларынын 30 түрүнүн ичинен алтоосу гана тышкы рыноктон көз каранды. Бул тизмеге балык жана тоок эти, колбаса менен сүт азыктары, кант жана алма кирет. Импорттон арылуу үчүн канаттуулар фабрикаларынын кубатын кошумча 2 миң тоннага арттыруу көздөлүп жатат. Учурда 155 миң тонна куш этин өндүрүүгө багытталган 12 долбоорду ишке ашыруу колго алынган. Ошондой эле, мерчемде сүт азыктарын көбөйтүү турат.

АЙХАН СУЛТАН, РК АШМ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДОО ЖАНА ТАЛДОО ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Биз сүт өндүрүшүнүн жигердүүлүгүн арттырууну колго алдык. Жыл сайын 25 сүт фермасы ишке кошулат. Бул сыр өндүрүшүн чийки зат менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Ал эми канттын көз карандысыздыгынан арылууга келе турган болсок, кант кызылчасы түшүмүн 120 миң гектарга чейин жеткирүү көздөлгөн. Учурда ал болжол менен 20 миң гектарды түзөт. Кант чыгарган жаңы эки завод салынып, бул багыттагы иштеп жаткан үч өндүрүш очогу кайра модернизацияланат.

Фото: kapital.kz