Казакстандын тигүү өндүрүшүнүн экспорту акыркы 4 жылда 25 эсе өстү

Казакстандын тигүү өндүрүшүнүн экспорту акыркы 4 жылда 25 эсе өстү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди. Анын айтымында, ата мекендик пахта булалары негизинен Кытай, Молдова, Орусия өлкөлөрүнө жиберилет. Мында кийим-кеченин импорту 15%, булгаары буюмдары 54%, синтетикалык кездемелер 55% кыскарган. Министрдин маалыматында, казакстандын жеңил өнөр жайы 1,5 миллиард доллардык өнүм чыгарууга кудурети жетет. Ал эми Парламент Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева бул дараметти мүмкүн болушунча ишке ашыруу үчүн тармак өкүлдөрүн өнүм жарнамасына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул ишке белгилүү ата мекендик сахна жана спорт жылдыздарын тартуу керектигин кошумчалады.

ДАРИГА НАЗАРБАЕВА, КРНЫН ПАРЛАМЕНТ СЕНАТЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Димаш Кудайберген жалаң өзүбүздүн Жетису фабрикасынын бут кийими менен сахнага чыкса жаманбы?. Ошону менен катар, ата мекендик өндүрүүчүлөр тиккен кийимдерди да кийсе кыйла натыйжа болору анык. Мындан сырткары бизде аталган тармактагы спорттук өнүмдү жарнамалоого куштар спортчулар аз эмес. Бул чараларга убакыт менен каржы бөлүү керек. Бул жаатта биздин жылдыздарыбыз өздөрүнүн салымын кошууга даяр деп ойлойм.

Фото: vk.com