Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо

Өлкөдө импортту алмаштыруучу миңден ашык товар түрү бар. Ички рынокту жергиликтүү өнүм менен камтуу багытында долбоорлорду ишке ашырууга 180 ишкана кызыгуучулук артып жатат. Бул жатта «Самрук-Казына» улуттук фонду бир катар компания менен жалпы наркы 34 миллиард теңгеден ашуун келишим түздү. Жаңы өндүрүш жайларын ачуу боюнча 27 келишим макулдашылган. Алардын инвестициясы болжол менен 915 миллиард теңгени түзөт. Жыйынтыгында бир катар тармактар боюнча фонддун сатып алуусундагы казакстандык үлүш 60 пайызга жетет. Бул тууралуу ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоого арналган форумда өкмөт башчысы Аскар Мамин маалымдады.

АСКАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Улуттук экономиканын туруктуу өсүшү ички өндүрүш менен өнөр жайга байланыштуу. Ошондой эле, чакан жана орто бизнес тармагындагы ишканалардын ортосунда орногон тыгыз кооперация да абдан маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү форумга чакан жана орто бизнес тармагындагы 200дөй ишкананын өкүлү катышууда. Ошентип, улуттук компаниялар, өндүрүчүүлөр ортосунда диалог орнойт.

Фото: 7kun.kz