Казакстандын май өнүмдөрү Борбор Азиянын рыногунда суроо-талапка ээ

Казакстан 2025-жылга чейин Борбордук Азия өлкөлөрүнө май жана май өнүмдөрүнүн негизги жеткирүүчүсү болууга ниеттенүүдө. Бул үчүн ата мекендик компаниялар өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, ишканаларын жаңыртуу жана чийки затты кайра иштетүүнүн алдыңкы технологияларын колдонуп жатат. Казакстандын май жана май өнүмдөрү биримдигинин президенти Константин Невзоровдын айтымында, өлкөдө жыл сайын 450 миң тоннага жакын өнүм иштелип чыгат, анын жарымынан көбү коңшу республикаларга экспорттолот.

КОНСТАНТИН НЕВЗОРОВ, КАЗАКСТАНДЫН МАЙ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР БИРИМДИГИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин ишканаларыбыз өздөрүн эл аралык стандартка ылайык жогорку сапаттуу өнүм чыгарган ишкана катары сунуштайт. Казакстанда биздин өндүрүүчүлөрдүн алдында заманбап майонез жана маргарин желелери бар, алар өнүмдү транс майы жок  чыгарышат.

Казакстан менен Өзбекстан президенттери 2018-жылды эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жылы деп атагандан кийин, товар алмашуу көлөмүндө кыйла өсүш байкалды. Ал 2018-жылы 3 миллиард долларды түзсө, үстүбүздөгү жылы 5 миллиардга чейин жетери күтүлүүдө. Айта кетсек, Өзбекстан Казакстандын май жана май өнүмдөрүнүн ири рынокторунун бири.

КОНСТАНТИН НЕВЗОРОВ, КАЗАКСТАНДЫН МАЙ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР БИРИМДИГИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биринчиден, Өзбекстан Республикасында май жана май өнүмдөрүн керектөө кыйла көп, башкача айтканда, алар тазартылган майды колдонушат. Бул киши башына 14 литрден туура келет. Ал эми Казакстанда болгону 9 литр. Эгерде аны адамдардын санына жараша көбөйтө турган болсок, өлкө ички рынокту камсыз кылуу үчүн канча көлөм керектээрин түшүнөсүз.

Фото: ​inbusiness.kz