Нур-Султанда казак-орус мамилелеринин изилдөө тенденциясы сунушталды

Казакстандын бийлик алмашуусу, Орусияга каршы санкциялар эки өлкөнүн кызматташтыгына кандай таасир этти? Ушул жана башка маселелерге болгон серепчилердин пикирин талдоочулук борбор изилдеп көрдү. Сурамжылоого ар түрдүү тармактар боюнча 30 алдыңкы казакстандык адис катышты. Респонденттердин көпчүлүк бөлүгү эки өлкөнүн ортосундагы Аскердик жана аймак аралык экономикалык мамилелердин олуттуу жакшырганын көрсөтүүдө. Ар кандай коркунучтарга карабастан мамлекеттер жакшы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилесин сактап калууда. Өткөн жылкы Казакстандын Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн 92%дан ашыгы Орусияга тиешелүү болгон. Коңшу мамлекет Казакстандын аймагында чет элдик капиталы бар ишканалардын жалпы саны боюнча алдыда. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча серепчилер бул көрсөткүчтөрдү көбөйтүү үчүн бир катар демилгелерди  сунуштады.

АНДРЕЙ ЧЕБОТАРЁВ, АКТУАЛДУУ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биздин серепчилер соода-экономикалык байланыштарда кандай болбосун тарифтик тоскоолдуктарды жоюуга артыкчылык берүү керектигин айтышат. Биргелешкен инвестициялык долбоорлор мүмкүн болушунча ишке ашырылат деп ойлойм. Ошондой эле, мамлекеттердин биргелешкен изилдөө долбоорлорун кошкондо илимий-талдоочулук топтордун байланыштарын өркүндөтүүгө да көңүл буруу керек. Эки өлкөнүн ЖОЖдорунда ар түрдүү дисциплиналар боюнча биргелешкен программаларды түзүүнү тереңдетүү зарыл.

Фото: zakon.kz