Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда 52 макулдашууга кол коюлду

Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда 52 макулдашууга кол коюлду

Наркы 500 миллион долларды түзгөн документ. Үргөнүш шаарында Казакстан менен Өзбекстандын аймак аралык экинчи форумунун жыйынтыгы чыгарылды.  Коңшу республика Казакстандын дан, эт жана сүт азыктарын сатып алууга даяр. Өз кезегинде коңшу өлкө Костанай облусу менен кызматташууну жөнгө салат. Форумдун жүрүшүндө Казакстан тарап Чымкенттеги «Түштүк» атайын экономикалык аймагында жеңил өнөр жайдын казак-өзбек кластерин түзүүнү сунуштады. Муну менен бирге Түркистан, Ташкент, Самарканд, Букара облустарындагы туристтик жерлер боюнча «Алтын чарчы» багытын ачуу тууралуу идеясын ортого салды.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

- Эки өлкөнүн ортосунда соода алмашуу 4,1 млрд. доллардан ашты. Бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүү көздөлүп жатат. Буга эки өлкөнүн жетиштүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10 млрд. долларга жеткирүүнү мерчемдөөдөбүз. Биз өндүрүштүк жараяндардын интеграциясы боюнча олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Азыркы тапта унаа куруу, курулуш материалдарын өндүрүү, агро өнөр жай комплекси багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатабыз.  

Фото: inform.kz