Өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү газ тармагынын үлүшү 1,8 пайызга жетти

Өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү газ тармагынын үлүшү 1,8% жетти. Алдыдагы 10 жыл ичинде бул көрсөткүч эки эсе өсөт деп болжолдонууда. Бирок, ички рыноктун муктаждыгын канааттандыруу жагы да жогорулоодо. 2030-жылы калктын 56% көгүлтүр от менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 51% түзөт. Бул жагынан алып караганда, "Сарыарка" газ түтүгүнүн курулушу өткөн жылы аяктаган. Кийинки максат - бөлүштүрүүчү желелерди  түзүү. Андан кийин Кызылордодон башталган магистраль боюндагы Нур-Султан шаарына чейинки 171 калктуу-конуштун 2,7 миллионго жакын тургуну жаратылыш газын алат. 2020-2022-жылдар аралыгында өлкөнү газдаштыруу багытында жалпы наркы 140 миллиард теңгени түзгөн 62 долбоор ишке ашырылат.

КУАНЫШ САРСЕКЕЕВ, РКНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ГАЗ ЖАНА МУНАЙ-ГАЗ ХИМИЯСЫ ДЕПАРТАМЕНТИ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Өлкөнү газдаштыруу программасынын алкагында 2006-жылдан бери 200дөн ашык долбоор ишке ашырылган. Натыйжада, бүгүнкү күндө 9,5 миллион адам көгүлтүр от менен камсыздандырылды. Учурда "Сарыарка" магистралдык газ түтүгүнүн экинчи жана үчүнчү этаптарынын курулушунун башталышы менен байланышкан маселелер каралып пландаштырылууда. Башкача айтканда, газ бөлүштүрүү түтүгү Нур-Султан шаарынан Көкчөтоо жана Петропавл шаарларына чейин жеткидей болот. Бул магистралды бойлото бардык калктуу конуштарды жаратылыш газы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада, газ менен камсыздалган адамдардын катары дагы 3,5 миллионго көбөйөт.

Фото: eenergy.media