Катардын ири банктарынын биринин филиалы АЭКБнын базасында ачылат

Катардын ири банктарынын биринин филиалы АЭКБнын базасында ачылат

Катардын ири банктарынын биринин бөлүмү Казакстандагы АЭКБнын базасында ачылат. Серепчилердин айтымында, Араб каржы мекемелери аркылуу казакстандык ишкерлер пайыздык үстөгү төмөн карыз алып гана койбостон, башкаруунун корпоративдик тажрыйбасын да ала алышат.  Адистердин баалоосу боюнча, Катар Банкынын филиалын ачуу өлкөгө жана башка да эл аралык каржы институттарын тартууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Ислам каржылоосуна суроо-талап дүйнө жүзү боюнча өсүп жатат. Бул негизинен насыя берүүдө ишкерлер үчүн тобокелчиликтердин аз болуусу жана каржы институттары кызматынын ачыктыгы менен байланыштуу.

Фото: finance.kz