А. Мамин: 2020-жылы тартылган түз инвестициялардын көлөмү 25 миллиард доллардан ашты

А. Мамин: 2020-жылы тартылган түз инвестициялардын көлөмү 25 миллиард доллардан ашты

Негизги капиталга инвестициянын көлөмүн ИДПга карата 30% га чейин жеткирүү – бул Казакстандын стратегиялык милдети. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Аскар Мамин билдирди. Бул энергетика, транспорт, инфраструктура, айыл чарба, туризм жана башка стратегиялык тармактарда кошумча наркты арттырууга мүмкүндүк берет. Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылдын жыйынтыгы менен Казакстан Республикасынын ИДПсы 4,5% га өсүп, ал эми чет өлкөлөр менен соода жүгүртүү 96 миллиард долларга жеткен. Дүйнөлүк Банктын "Doing Business" рейтингинде ишкерлик жеңилдиги боюнча Казакстан 28-орундан 25-орунга көтөрүлдү.

Фото: primeminister.kz