Быйыл Түркистан облусунда POS-терминалдар чыгарыла баштайт

Быйыл Түркистан облусунда POS-терминалдар, куйматаш буюмдар менен металл торчолор чыгарыла баштайт. Индустриалдык зона аймагында 2020-жылы 6 жаңы завод ишке кирет деп мерчемделүүдө. Серепчилер белгилегендей, курулуш материалдарынын жергиликтүү өнүмү импорттук аналогтордон ашып түшүүдө. Атап айтканда, индустриалдык зона аймагында 2 жыл мурун иштеп турган темир-куйматаш буюмдарын чыгара турган завод аймактын бир нече курулуш компанияларын өз өнүмү менен камсыз кылат.

МУХТАР АКЫЛБЕКОВ, ЦЕХТИН БАШЧЫСЫ

- Биз куйматаш өнүмдөрүнүн 5 түрүн өндүрөбүз. Жылына орто эсеп менен 350 миллион теңгеге өнүм чыгарабыз. Өнүмдөрдүн көпчүлүк бөлүгүн Түркистанда иштеген курулуш компаниялары сатып алышат. Буга катар биз Кызылордо облусуна да жеткиребиз.

Аталган фабрикада өндүрүлгөн эмеректер бара-бара керектөөчүлөр арасында суроо-талапка ээ боло баштады.  Ал 5 жыл мурун пайда болуп, азыр облус борборундагы ири ишкана болуп саналат. Төрт цехте 140 адам эмгектенет, алар күн сайын 200дөн ашык ашкана эмеректери жана балдар кербеттерин, ошондой эле жогорку сапаттагы шкафтар менен үстөлдөрдү жасап чыгарышат.

САБЫРЖАН ЫСКАКОВ, ИШКАНАНЫН МҮДҮРҮ

- Өткөн жылы биз 25 миң эмерек топтомдорун жасадык, быйыл бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүүнү көздөп  жатабыз. Өнүмдү Казакстан боюнча сатабыз, бизде ар бир аймакта өкүлчүлүктөрүбүз бар. Чийки заттын 80 пайызын Орусиядан, 10 пайызын Кытайдан алабыз.

ТАЛГАТ КЫДЫРБАЕВ, ОБЛУСТУК ИНДУСТРИАЛДЫК АЙМАКТЫН БАШКАРУУЧУ КОМПАНИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

- 2019-жылдын үч кварталынын жыйынытыгы боюнча индустриалдуу аймакка катышуучулар 4 миллиард теңге көлөмүндө өнүм чыгарды.  

Фото: express-k.kz