Айыл чарба өнөр жай комплексинин экспорттук дараметин арттыруу

Казакстан кайра иштетилген айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун 2024-жылга карата өлкөдөн тышкары сатыла турган айыл чарба товарларынын жалпы көлөмүн 50 пайызга жеткирүүгө ниеттенүүдө. Бул убакытка чейин агрардык өнөр жай комплекси өнүмүнүн экспорттук көлөмү акчалай түрдө 4 миллиард долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин башчысынын орун басары Рустем Курманов маалымдады.

РУСТЕМ КУРМАНОВ, РКНЫН АЙЫЛ ЧАРБА БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРИ:

- Биз эмне үчүн буга умтулабыз? Жогорку оңдоп-түзөө, Айыл чарба товарларын өндүрүүчү-кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жогорку кирешелүүлүк үчүн. Унду экспорттоо боюнча маселелерди өзүнчө карайбыз. Биз бул позицияларды сактап калууга умтулабыз, мисалы, унду кайра иштетилген түрдө алып кире турган болсок, унду жеткирүү, майды жеткирүүнү сакташыбыз керек. Биздин экспорт түзүлүшүбүздө жаңы өнүмдөр пайда болот.

Айыл чарба министрлиги өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күндө ата мекендик айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндө суроо-талапка ээ. Негизинен чет элдик рынокторго ун жана ун азыктары, май, кондитердик азыктар, балык, эт жана сүт өнүмдөрү жөнөтүлөт.

РУСТЕМ КУРМАНОВ, РКНЫН АЙЫЛ ЧАРБА БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРИ:

- Өсүмдүк чарбасындагы биздин өнүмдөрдү  негизинен Өзбекстан, Ооганстан, Кыргызстан, Тажикстан керектейт. Башкача айтканда, биз ал жакка өсүмдүк чарбачылыгы өнүмдөрүн жана кайра иштетилген өнүмдөрдү жиберебиз. Негизинен Кытайга май, эт өнүмдөрү кетет. Мен жогоруда атап өткөндөй, кондитердик азыктар Кытайга жакшы жөнөтүлүп жатат. Ошондой эле, сүт өнүмдөрү дагы тоңдурулуп жиберилет. Ирандын рыногу азыркы учурда абдан жакшы өнүгүүдө. Эт өнүмдөрү негизинен Иранга жиберилет. Мындан сырткары, зыгыр жана май өсүмдүктөрү салттуу түрдө Европага экспорттолот.

Тармак адистери агрардык өнөр жай комплексине жеке капиталдык салымдарды тартуунун маанилүүлүгүн да белгилешет. Алардын айтымында, өткөн жылы негизги капиталга салынган инвестиция көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 500 миллиард тенгеден ашкан.

Фото: vteme.kz