Казакстанда ЕАЭБ алкагында товарларды маркалоо киргизилет

Казакстанда быйылкы жылдан тартып товарларды маркалоо пилоттук долбоор түрүндө киргизилет. Бул тууралуу Нур-Султанда өткөн жыйындын алкагында Айыл чарба министрлигинин департамент мүдүрү Бернат Алпысбеков билдирди. Бүгүнкү күндө өлкөдө так кандай өнүмдөрдү маркалоо керектигин көрсөткөн тизме жок. Бирок, Евразиялык биримдиктин мүчөлөрү маркалана турган товарлардын тиземесин кеңейтүүнү колдоп, аны киргизүүнү иш жүзүндө тездетүүнү суранып жатат. Себеби, ЕАЭБдин сунушу менен 2018-жылы товарларды маркалоо тууралуу келишимге кол коюлган. Ал эми долбоор 2019-жылдын жалган куран айынын жыйырма тогузунда күчүнө кирген. Адистер ата мекендик өнүмдү маркалоо эң биринчи коопсуздук жана санариптештирүү жолундагы өзөктүү кадам экенин белгилөөдө.

БЕРНАТ АЛПЫСБЕКОВ, АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН ДЕПАРТАМЕНТ МҮДҮРҮ:

- Албетте, эң биринчи экспорт менен алектене турган товар өндүрүүчүлөргө терең маани берилет. Биз эң биринчи кезекте алар менен иш алып барабыз. Андан кийин башка ишканалар өз эрки менен маркалоого өтүшү мүмкүн. Тилекке каршы, биздин ишкерлер бир гана чыгаша тууралуу ойлошот. Бирок өнүмдү маркалоо маркетинг жагынан абдан утумдуу долбоор. Башкача айтканда, өз өнүмүн Казакстандын кайсы аймагында жана кандай таңгакта экинин көрө алат. Өнүмдүн кайсы көлөмдө, анын качан кайтып келерин, мезгили өтүп кеткен өнүмү тууралуу маалымат дароо түшүп турат. Башкача айтканда, маркетинг жагынан алганда, бул эң сонун нерсе.

Фото: inbusiness.kz