2020-жылы АЭКБга катышуучу компаниялар 500дөн ашат

165 миллион доллар. Бул «Астана» эл аралык каржы борбору түзүлгөндөн кийин ушул аянт аркылуу катышуучу компаниялардын Казакстан экономикасына салган инвестициясы. Негизинен банк тармагы, каржылык технологиялар жана инфраструктуралык долбоорлорго каржы салынган. Эл аралык борбордун биржасы аркылуу 216 миллион доллар акционердик капитал тартылган. Бул жергиликтүү каржы рыногуна акыркы үч жылда кирген акционердик үлүштөн бир нече эсе көп. Жалпы бүгүнкү күндө Астана эл аралык каржы борборунда дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 387 катышуучу компания катталган. Казакстандыктар менен бирге, Орусия, Кытай, АКШ, Улуу Британия жана Индия мамлекеттеринин инвесторлорунун саны басымдуу. Жылдын аягына чейин алардын катарын көбөйтүү көздөлүп жатат. Ал үчүн катышуучуларды кабыл ала турган ыңгайлуу эко система түзүлүп, борборду аймактын башкы каржы түйүнүнө айлантуу мерчемделген.

АСЛАН КОКАЕВ, АЭКБ ЭНЧИЛЕШ КОМПАНИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ:

- Азыркы тапта бир нече эл аралык деңгээлдеги ири оюнчулар Казакстанды инвестиция салууга абдан эффективдүү аймак катары караштырып жатат. Кытай жана батыш өлкөлөрүнүн бир катар абройлуу оюнчулары өлкөбүздүн рыногуна кирип, ишин жүзөгө ашырууга жетишти. 2020-жылдын аягына чейин «Астана» эл аралык каржы борборунун мүчө компанияларынын санын 500дөн ашырууну мерчемдеп жатабыз. Негизинен каржылык тармак менен консалтингдик компанияларды тартууга басым берилет.

WILL ASTON, КОНСАЛТИНГДИК КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз «Астана» эл аралык каржы борборунун катышуучусубуз. Дүйнөдөгү бардык ири эл аралык борборлор сыяктуу инвесторлор үчүн көп мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Ишкер үчүн эң башкысы көптөгөн салыктык жеңилдиктер караштырылып, эффективдүү бизнес жүргүзүү үчүн шарттар түзүлгөн. Ошондуктан биз ушул жерге келип, консалтингдик компания катары жергиликтүү каржы борборлоруна бизнес ачып, аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөбүз.

 

Фото: kapital.kz