Брюсселде АЭКБнын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Брюсселде АЭКБнын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Брюсселде «Астана» эл аралык каржы борборунун кызматы тааныштырылды. Казак тарап Люксембург менен Бельгия ишкерлерин каржы борборунун жумушуна катышууга чакырды. Белгилей кетсек, Астана эл аралык каржы борборунун башкы артыкчылыктарынын бири – эффективдүү географиялык жайгашуусу, башкача айтканда, «Бир алкак – бир жол» долбооруна кирүүсү жана орток англис укугунун негизинде түзүлгөн эл аралык көз карандысыз соттун болуусу. Казакстандын Бельгиядагы элчиси Айгүл Куспандын айтымында, дүйнөлүк чакырыктарга карабастан Казактсандын экономикасы өсүп келе жатат. Өлкөдө иштеген ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

АЛЕКСАНДР ВАН ДЕР ПУТТ, АЭКБ БАШКАРУУЧУСУНУН АЛДЫНДАГЫ ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН БАШЧЫСЫ:

- «Астана» эл аралык каржы борбору 102 дүйнөлүк каржы борборунун тизмесинде азыркы тапта 51-орунда. Бул борбордун иштеп жатканына эки гана жыл болду. Бул эң сонун! Биздин миссия капитал рыногун өнүктүрүүгө гана эмес, аны менен бирге, Казакстандын жана аймактын туруктуу экономикалык өнүгүшүнө таасир берүүгө негизделген. Биз каржы кызматтарын шыктандырабыз жана сунуштайбыз. Ушул максатта инфраструктура түзүлдү: бизде эл аралык фонд биржасы бар. Аны менен бирге, орток англис угугуна негизделеген эл аралык сот менен эл аралык көз карандысыз арбитраждык борбор иштейт. Ошондой эле, жеке оюнчулар менен ири компаниялардын эрежелерди бузбоосун көзөмөлдөй турган көз карандысыз жол-жоболоштуруучу да кызмат кылат.

Фото: mfa.gov.kz