АЭКБ: Жашыл жана ислам каржылоонун аймактык хабы

“Астана” эл аралык каржы борбору “жашыл” жана ислам каржылоо куралдарын, механизмдерин киргизүү, пайдалануу үчүн натыйжалуу аянтча боло алат. Серепчилердин айтымында, мындай келечек Борбордук Азия аймагына инвестициялардын олуттуу агымын тартууга мүмкүндүк берет. Башка жагынан алып караганда, АЭКБ катышуучулары үчүн Евразиянын келечектүү рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Жыйынтыгында, бардык тараптар пайда көрө алат. Мындан тышкары, серепчилер бул дүйнөлүк каржы борборлорунун классикалык функцияларын аткарууга гана жардам бербестен, эл аралык каржылоону өнүктүрүүнүн эң келечектүү багыттары боюнча кызматтарды көрсөтүүгө да жардам берерине ишенет.

ДИМОСТЕНИС ДИМОПУЛОС, ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Борбордук Азияга чет өлкөлүк инвестициялар  агымын тартуунун жакшы жолу - бул аймактык мекемелер жана уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Бул жагынан алып караганда, АЭКБ  аймактагы өтө баалуу актив болуп саналат. Мындан тышкары, региондун өлкөлөрү атаандаштыкка жөндөмдүү болууга жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин жумшоону улантууга тийиш. Конкреттүү экономика үчүн реалдуу долбоорлор иштелип чыккан.  Бул жашыл каржылоого да тиешелүү.

Фото: sputniknews.kz