Немис ишкерлери Казакстанга инвестиция салууга кызыктар

Немис ишкерлери Казакстанга инвестиция салууга кызыктар

Немис ишкерлери Казакстандын экономикасына 2,4 миллиард доллар инвестиция салууга кызыктар. Серепчилердин пикиринде, өлкөнүн чийки эмес зат тармагы Германия үчүн эң тартымдуу багыт катары кала берет. Инвестициялардын 90 пайызы ушул тармакка багытталат. Андан кийин ишкерлердин арасында өндүрүш, электр энергиясы, аны менен бирге, илимий-техникалык кызматтар турат.

АКСЕЛЬ ФИШЕР, БУНДЕСТАГ ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан – Борбор Азиядагы эң маанилүү өнөктөш. Бизде кызматташтыкты кеңейтүүнүн көптөгөн багыттары бар. Белгилеп айта турган болсок, ал бир гана экономика эмес, билим жана илим тармагы да бар. Биз  өз тарабыбыздан тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз.

Бүгүнкү күндө Казакстанда немис капиталы бар 900дөн ашуун компания иштейт. Ишкердик топтор Казакстанга болгон кызыгуу абдан жогору экенин айтышат. Айрыкча бул, Берлинде Касым-Жомарт Токаевдин немис инвесторлору үчүн өзгөчө шарт каралганын айткандан кийин байкалган.

ЭДУАРД КИНСБРУНЕР, ГЕРМАНИЯ ЭКОНОМИКАСЫНЫН ЧЫГЫШ КОМИТЕТИНИН АЙМАКТЫК МҮДҮРҮ:

- Немис ишкерлери Казакстан инвестиция салууга абдан ыңгайлуу өлкө экенин көрүп жатышат. Ошондой эле, Германия бизнеси үчүн түзүлгөн шарттар Казакстан рыногуна болгон кызыгууну жогорулатат. Мен Казакстанга болгон кызыгуу жогору экенин ырасттайм. Алдыдагы айларда биргелешкен долбоорлор көп болот деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Фото: vlast.kz