Казакстан менен Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү 6,5 млрд долларга жетти

Казакстан менен Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү 6,5 млрд долларга жетти

Казакстан менен Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ал 66 пайызга өсүп, алты жарым миллиард долларды түздү. Сеулда Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйындын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү өз ара кызматташтыктын жогорку деңгээлин ырасташты жана 2020-жылы да эки жактуу карым-катнаштар мындан ары өнүгөт деген ишенимде.

ШАХРАТ НУРЫШЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Корей тарап атом энергетикасына, Казакстан технопарктарды, ооруканалар жана клиникаларды салууга кызыктар. Биздин делегациянын курамында “Казакинвесттин” өкүлдөрү бар, алар кесиптештери менен жолугушууларды өткөрүп, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мыкты шарттарды түзөт деп мерчемдеп жатабыз.

Фото: 365info.kz