Кытайга эт экспорту убактылуу токтотулду

Кытайга эт экспорту убактылуу токтотулду

Коронавирустун күч алуусу казакстандык ишкерлердин мерчемдерине кедергисин тийгизди. Ата мекендик компаниялар эт экспортунун көлөмүн көбөйтүүнү максат кылган эле. Бирок кооптуу инфекциянын таралышына байланыштуу Кытайга эт жеткирүүлөр убактылуу токтотулду. Кытай Эл Республикасы жергиликтүү айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдүн башкы рыногу экенин белгилей кетүү керек. Өткөн жылы ишканалар аталган өлкөгө төрт миң тоннадан ашык уй этин жиберген. Жалпысынан, 2019-жылы агро экспорттогу эт менен эт өнүмдөрүнүн көлөмү рекорддук 63 миң тоннага жеткен. Ал эми быйыл казакстандык ишкерлер бул көрсөткүчтү дагы көбөйтүүнү көздөгөн эле.

Фото: inbusiness.kz