Унаа тармагы Казакстандын экономикалык өсүшүнүн драйверлеринин бирине айланды

Унаа тармагы Казакстандын экономикалык өсүшүнүн драйверлеринин бирине айланды. Өкмөттүн маалыматына ылайык, унаа тармагы республиканын Ички дүң өнүмүнүн 8,2 пайызын түзгөн. Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча тармак 5,1 пайыз өлчөмүндө өсүү көрсөткөн. Казакстан аркылуу ташылган транзиттик жүк көлөмү 19,4 миллион тоннага жетти. Анын ичинде темир жол унаасы менен 17,5 миллион тонна жүк ташылган. Жүк агымынын негизги үлүшү, башкача айтканда, 75,6 % Борбор Азия өлкөлөрүнө тиешелүү. Буга катар Орусия, Кытай жана Евробиримдик өлкөлөрүнө да Казакстан аймагы менен жүктөр жеткирилет.

Фото: ru.delfi.lt