АЭКБ алкагында Евразиялык зергерлик бюро түзүлөт

«Астана» эл аралык каржы борборунун алдында Евразиялык зергерлик бюро түзүлмөкчү. Бул тууралуу Казакстан зергерлер лигасынын өкүлдөрү маалымдады. Бюро курамына бир гана ата мекендик зергерлер эле эмес, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде иштей турган зергердик коомчулуктар да кошулат. Чеберлер бул долбоордун келечеги зор экенине үмүт артууда.

Алардын айтымында, бүгүнкү күндө ата мекендик өндүрүүчүлөр жергиликтүү рыноктун болгону 0,5 пайызын гана камтыйт. Калган өнүмдөр чет мамлекеттерден алынып келинет. Кооз буюмдар негизинен Орусия, Түркия, Кыргызстан жана Армения өлкөлөрүнөн жеткирилет. Эми ата мекендик өнүмдөрдүн саны сатуу текчелеринде көбөйөт деп мерчемделүүдө.  

Фото: kapital.kz


×