2019-жылдын 3 кварталында түз инвестициялардын агымы 16 пайызга өстү

Евробиримдик өлкөлөрү Казакстан экономикасына инвестиция салууда. Бул оң өзгөрүүлөргө бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар менен ишкерлер үчүн жасалган салыктык жеңилдиктер таасир берүүдө. Белгилей кетсек, Казакстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыш боюнча диалог аянтынын төртүнчү отурумунда 2019-жылдын 3 кварталында өз ара кызматташтыктын корутундусу жарыяланды. Бул арада Евробиримдик өлкөлөрүнөн түз инвестициялар агымы болжол менен 16 пайызга өсүп, 8,7 миллиард доллардан ашкан.

Өкмөт башчысы Аскар Мамин дипломаттарды мындан ары ачык жана жигердүү сүйлөшүүлөргө чакырды. Ошондой эле, тараптар   чын куран айында өтө турган Казакстандын «жашыл экономига» өтүшү жана ДСУ 12-министрдик конференциясына даярдык катары саналган инвестициялык кызматташтык тууралуу диологдун алдыдагы отурумунун күн тартибин талкуулашты.

Фото: primeminister.kz