Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө

Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдо. Буга тармактын көрсөткүчтөрү далил. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, республика аймагы менен транзиттик жүк жеткирүүлөрдүн көлөмү 20 миллион тоннага жакындаган. Жүктүн негизги бөлүгү, башкача айтканда, 17 миллион 500 миң тоннасы темир жол багыттарынын үлүшүнө тиешелүү. Анын ичинде 11 миллион 500 миң тоннасы Борбордук Азия аймагындагы коңшу өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

БАЛНУР АЗМАГАНБЕТОВА, РК ИИДМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Ташылган жүктөргө келсек, негизинен мунай-металл, химикаттар, соода, буудай жана башка жүктөр. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча транзиттик жүк көлөмү 2018-жыл менен салыштырганда 23 пайызга артып, 664 миң контейнерди түзгөн.

Бүгүнкү күндө Казакстан аймагы менен Европа жана Азиянын ортосун байланыштырган бир нече эл аралык транспорт коридору өтөт. Бул багыттар өнүмдөрдү өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин жеткирүү убакыты менен аралыгын бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет.

БАЛНУР АЗМАГАНБЕТОВА, РК ИИДМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- 2019-жылы Транскаспий эл аралык транспорт коридору менен 7 жарым миңге жакын контейнер жеткирилген. Бул 2018-жылдагыдан 2 эсеге көп. Өткөн  жылы 3 миң 900 контейнер өткөрүлгөн. Евразиялык трансконтиненталдык коридор жеткирүү наркы жагынан натыйжалуу. Анткени Трансскаспий эл аралык транспорт коридоруна катышкан өлкөлөр жыл сайын минималдуу бааны белгилешет. Казакстан аймагы менен жеткирүүгө 19 күн керектелет.

Фото: exclusive.kz