Дүйнөлүк банк: Казакстан быйыл да Борбордук Азия аймагындагы лидерлигин сактап калды

Казакстан быйыл да Борбордук Азия аймагындагы лидерлигин сактап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын өлкөнүн 2020-жылкы экономикасынын өсүшүнө байланыштуу билдирген божомолунда айтылат. Эл аралык каржы уюму адистеринин пикиринде, ал үчүн жалпы аймактын дараметин арттырып, экономиканы ар тараптандырууга күч аракеттерди жумшоо зарыл. Маалыматка ылайык, Борбордук Азия рыногунун өнүгүшү мамлекеттеги жалпы өсүүнү камсыз кылууга түздөн түз тиешелүү. Ошондой эле, дүйнөлүк банк маалымдагандай, өлкөдө транспорт, логистика, эмгек өнүмдүүлүгү менен мал өнүмү экспортунун былтыркы өнүгүү темпи сакталат деп күтүлүүдө. Глобалдык кошумча нарк тизмесинде да көрсөткүчтөрдүн артып келгени байкалат.

САМСУ РАХАРАДЖА, КАЗАКСТАНДЫН ДҮЙНӨЛҮК БАНК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН АГА ЭКОНОМИСТИ:

- Бул негизги экономикалык өнүгүүнүн жакшы темпи болуп саналат. Биз азырынча базалык сценарий боюнча жалпыланган божомолдорду жасап жатабыз. Ага былтыркы аяк оона айына чейинки  маалыматтар негиз болот. Албетте, 2020-жылдын биринчи чейрегинен кийин маалыматтар кайрадан каралып, жаңы маалымат көрсөткүчтөрү боюнча талданат. Ал эми өсүш 3,7% ды түзөт, бул тышкы факторлордун таасиринен басымдуулук кылат. Анткени дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү туруксуз.

Фото: inbusiness.kz