Казакстан менен Нидерландынын экономикалык кызматташтыгын арттыруу

Нидерланды – Казакстандын маанилүү өнөктөшү. Акыркы маалыматтар боюнча, республиканын аймагында 800дөн ашык биргелешкен компаниялар иштеп жатат. Соңку 15 жылдагы экономикалык өнөктөштүктүн алкагында аталган өлкөдөн Казакстанга келген түз инвестиция 90 миллиард долларга чейин өскөн. Казакстан Нидерландыга күйүүчү май жана мунай өнүмдөрүн, ферро эритмелер жана титанды экспорттойт. Ал эми дары-дармек каражаттары, унаа жабдыктар, жогорку технологиялык аспаптар жана айыл чарба өнүмдөрүн импорттойт.

ДИРК АЛЕВЕН, «ГРИН КАПИТАЛ КАЗАКСТАН» КОМПАНИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз Актөбөгө 2017-жылы инвестиция сала баштадык жана бул аймактын экономикасына 30 миллион евро салдык. Биз алдыдагы эки жылда дагы ушунча көлөмдө инвестиция салууну көздөп жатабыз. Бул 60 миллион еврону түзөт. Биз бул аймакта дагы 10-20 жыл калгыбыз келет жана бизде Казакстандан кетүүгө эч кандай себеп жок. Актөбөдө табигый газдын жеткиликтүү көлөмү, бизнести жүргүзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр, Орусия рыногуна жакындык жана күнөскана бизнеси үчүн жагымдуу климаты бар.

Нидерланды Европанын логистикалык порту болсо, Казакстан Борбор Азиянын транспорттук хабы болуп саналат. Бул тыгыз кызматташтык үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет, - деп эсептейт Нидерланды-Казакстан бизнес ассоциациясынын тең төрагасы.

ХЕНК НИБУР, НИДЕРЛАНДЫ-КАЗАКСТАН АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТЕҢТӨРАГАСЫ:

- Казакстанда бүгүнкү күндө экономиканы өнүктүрүүнүн беш багыты  бар, анын бири – агро тармакты өнүктүрүү. Нидерланды бул чакан мамлекет экенине карабастан, дүйнөдөгү экинчи айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоочу өлкө. Бизде да абдан өнүмдүү айыл чарбачылыгы бар жана бул тармакта кеңейип, чет элде да иштегиси келген инвесторлор да жок эмес. Алардын технологияларын пайдалануунун аркасы менен Казакстан айыл чарба өнүмдөрүнүн дүйнөлүк өндүрүүчүсү болот алат.

Фото: 24.kz