Айыл чарба өнүмдөрүн ортомчусуз түз тышкы рынокко чыгаруу

Айыл чарба өнүмдөрүн ортомчусуз түз тышкы рынокко чыгаруу. Казакстандык чарбаларга ушундай мүмкүнчүлүк сунушталып жатат. Германиялык компания өлкөдө дүйнөнүн агро өндүрүшчүлөрүн бириктирген маалыматтык соода платформасын түзүүгө ниеттенүүдө. Чет элдик адистер эл аралык электрондук соода инфраструктурасын киргизип, керектүү маалыматтык колдоого даяр. Бүгүнкү күнү өзгөчө санариптик аянтчага дүйнөнүн 70 миңден ашык пайдалануучусу катталган. Алардын 80 пайызы - Европа өлкөлөрүнүн жарандары. Катталуу акысыз, системада бар маалымат дүйнөнүн 10 тилинде жүргүзүлөт. Ошентип, дүйнөнүн агро чарбачылыктары өнүмдөрүн өткөрүү үчүн бири-бири менен түз байланышып, өз ара маалымат алмаша алат. Башкысы атаандаштыкка туруктуу болуп, сапаттуу өнүм сунуштоо.

МИХАЭЛЬ ГЮТЛИХ, МААЛЫМАТТЫК СООДА ПЛАТФОРМАСЫНЫН МҮДҮРҮ ЖАНА НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ /ГЕРМАНИЯ/:

- Казакстанга келген максатыбыз - бул технологияны жер-жерлерге жайылтуу. Ишкерлерге соода операциялары жеткиликтүү болуусу үчүн алгач Европалык стандарттарды өнүктүрүү керек. Биз ага болушунча көмөктөшөбүз. Ошондой эле, бул жерде дүйнөлүк рыноктун суроо-талабына байланыштуу маалымат берилет. Эң башкысы өндүрүшчүлөр түз эле дүйнөлык рынокторго чыгууга мүмкүндүк ала алат.

ҚАЙНАР ТАЙЖАНОВ, УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛОО БОРБОРУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Айыл чарба министрлиги учурда айыл чарба тармагындагы жалпы тенденциялардын бардыгын санариптештирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок бул эки ишти бири-бирине бириктирген болсок жакшы натыйжага жетүүгө болот. Бул бир жагы. Экинчи маселе, сооданы арттыруунун бирден бир мүмкүнчүлүгү - бул сапаттуу өнүмдү чыгаруу.  Ага албетте органикалык жана «глобал гап» сыяктуу стандарттарды киргизүү зарыл болуп саналат.

Фото: espreso.tv