Казакстан Өнүктүрүү Банкынын колдоосундагы долбоорлор

2019-жылы Казакстан Өнүктүрүү Банкы кайра иштетүү өнөр жайына жана инфраструктуралык долбоорлорго 480 миллиард теңгеден ашык инвестиция салды. Каржы институту өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Насыялык каражаттарынын жардамы менен 8 ата мекендик ишкана жаңыртылып, пайдаланууга берилди. Алардын арасында Алматынын жанындагы кубаты 100 мегаваттык СЭСти ишке кошуу, “Сарыарка” магистралдуу газ куурунун курулушу, Чымкент жана Атырау мунай иштетүү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо, ошондой эле, бир катар өндүрүштүк заводдор бар. Талдоочулардын пикиринде, алардын бардыгы өлкө үчүн мультипликативдүү чоң таасир тийгизүүдө. Мындан сырткары, өткөн жылдын жыйынтыгы менен өнүктүрүү банкы 11 инвестициялык жана 3 экспорттук операция болуп жалпысынан 14 долбоорду колдогон. Алардын наркы 436,5 миллиард теңгени түзөт.

АДИЛЬ ИСМАГАМБЕТОВ, КАЗАКСТАН ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Кардарларга берилген насыялардын тармактык түзүлүшү ар кандай. Алар электр жабдыктары, мунайды кайра иштетүү өнүмдөрү, металлургия, электр энергиясын өндүрүү, тамак-аш өнөр жайы жана башка тармактар болуп саналат. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, өнүктүрүү банкы экономиканын чийки эмес заттык тармактарына орто жана узак мөөнөттүү төмөн пайыздык насыя берүү аркылуу ири индустриалдуу, ошондой эле, инфраструктуралык демилгелерди ишке ашырууда негизги оператордун ролун ойнойт.

Фото: 7kun.kz