АЭКБнын өнүгүшү

Мамлекет башчысынын БАЭге болгон иш сапарынын алкагында казакстандык делегация Дубайдын экономикалык аймагынын иши менен таанышты. Өлкөдөгү каржы борборун курууга дал ушул объект үлгү катары каралган. Эске салсак, Дубай каржы борбору 2003-жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө ага 2 жарым миңден ашуун компания жана алты миңге жакын каржы институттары катталган. АЭКБнын курамында өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 370тен ашык уюм бар. 2020-жылдын аягына чейин алар беш жүздөн кем болбойт.

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ, “АСТАНА” ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ БОРБОРУНУН БАШКАРУУЧУСУ:

- Бул сапар өлкөбүзгө жаңы инвестиция тартууга мүмкүндүк берет. Дубай шаарында иштеп жаткан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көптөгөн инвесторлору Астана эл аралык каржы борборунун алкагында кызматташууга ниеттенип жатканын билдиришти. Казакстан өкмөтү жалпы суммасы 40 миллиард доллар көлөмүндө кызматташууну сунуш кылды. Бул экономикабызды илгерилетүүгө болгон абдан натыйжалуу сунуш. Анткени Дубайдын инвесторлору өздөрүнүн каржы борбору кандай иштеп жатканын жакшы билишет.

Өткөн жылы “Астана” эл аралык каржы борбору 130 миллион түз чет өлкөлүк инвестиция тарткан. Көбүнчө ишкерлер каржыларын мунай-химиялык өндүрүшкө, айыл чарбасын кайра иштетүүгө, каржы кызматтарына, туризм жана билимге салышат.

ВИКТОР СААД, ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ХОЛДИНГИНИН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ

- Бизде билим берүү чөйрөсүндө иш тажрыйбабыз мол, болжол менен 130 жылдык. Казакстанда иш алып барууну каалайбыз. Биз борбордо жана Алматыга эки мектеп куруп бере алабыз. Долбоордун жалпы наркы 70 миллион долларды түзөт.

Фото: sputniknews.kz