2020-жылы өлкөгө 28 миллиард доллар инвестиция тартылат

2020-жылы өлкө экономикасына кеминде 28 миллиард доллар көлөмүндө түз чет элдик каржы тартылат. Ошентип, быйыл инвестициянын жалпы ички өнүмүндөгү үлүшүн 20 пайыздык чекке жеткирүү пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги отурумунда белгилүү болду. Учурда мамлекеттин дараметин арттыруу боюнча улуттук тизмеге жалпы наркы 44 трлн теңгени түзгөн 2 миңден ашык долбоор киргизилген. Максаты – экономиканын жылдык көрсөткүчүнүн 5 пайыздык өсүшүн камсыз кылуу. Бул арада бизнестин абалын жакшыртууга багытталган бир катар иштер  колго алынат. Ал ишкерлердин мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз катышуусуна жол ачат деп күтүлүүдө.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, РК УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Үстүбүздөгү жылы теке айынын бирине чейин акча-насыя саясаты стратегиясы жана каржылоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыгат. Ошондой эле, накталай акчасыз эсеп жүргүзүүнү өнүктүрүү жана улуттук төлөм системасын түзүү боюнча чаралар даярдалат. Сатуу рынокторуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча пландар ишке ашырылат. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин жаңы форматтагы «техникалык жөндөө тууралуу» мыйзамы кабыл алынат. Ишкерлердин мамлекеттик колдоо жана кеңешме аянтын жеңилдетүү максатында «бизнеске арналган өкмөт» бирдиктүү терезеси түзүлөт.

Фото: kursiv.kz