АКШ менен Казакстандын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы

АКШ менен Казакстандын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы

Казакстан менен АКШнын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгынын келечиги кең, - дешет америкалык агрокомпаниялардын өкүлдөрү. Алардын айтымында, казакстандык фермерлер инновациялык долбоорлорго кызыктар болуп, жаңы технологияларды киргизүүгө маани берет. Бул багытта америкалык фермерлердин казакстандык өнөктөштөрү менен бөлүшө турган тажрыйбасы көп. Алардын катарында агро өнүм өндүрүшүн өнүктүрүү жана эгиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу багыттары бар. Эки өлкө ортосунда агрардык илим, билим жана өндүрүш алакасын кеңейтүү боюнча биргелешкен меморандумдарга кол коюлган.

ПИТЕР ДЖОНС, АГРО ӨНӨР ЖАЙ КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ /МИННЕСОТА/:

- Казакстан аба ырайы маалыматтарын колдонуу боюнча жаңы технологияларды киргизип жаткан Борбор Азиядагы алгачкы мамлекет жана жергиликтүү фермерлер кошумча билим алууга даяр. Бул багытта  билимдин мааниси жогору. Биз Казакстандагы Агрардык университети менен кызматташтык меморандумуна кол коюп, өз тажрыйбабыз, ноу-хауларыбыз менен бөлүшүп келебиз. Окуу жайы өз кезегинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү окутат.

Ири айыл чарба компаниясынын вице-президенти Питер Джонстун айтымында, Америка Кошмо Штаттары казакстандык сапаттуу биоөнүмдөрдү сатып алууга даяр. Бул үчүн органикалык жер семирткичтерди пайдалануу керек, - дейт адис.

ПИТЕР ДЖОНС, АГРО ӨНӨР ЖАЙ КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТІ /МИННЕСОТА/:

- Казакстан менен АКШнын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Казакстан – Азиядагы азык-түлүк өндүрүүчү ири мамлекет жана аймак өлкөлөрүнө өз өнүмдөрүн жиберүүчү башкы экспорттоочу. Менин билишимче, Казакстандын айыл чарба министрлиги 2020-жылы экспорт көлөмүн 40 пайызга көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул максатка жетүү үчүн казакстандык фермерлер жумуш натыйжалуулугун жогорулатып, өнүм сапатын көтөрүшү керек.

Фото: vestifinance.ru