Казакстандын транзиттик дарамети артып келет

Казакстандын транзиттик дарамети артып келет. Былтыр өлкө аркылуу 19,4 миллион тонна транзиттик жүк жеткирилип, 2018-жылкы көрсөткүч менен салыштырганда 1,4 пайызга жогорулаган. Анын ичинде унаа жолдору менен жеткириле турган жүктүн үлүшү көбүрөөк болду. Бул жааттагы өсүү болжол менен 20 пайызды түзөт. Быйыл бул сумманы эселеп, эл аралык жүк ташуу коридорун өнүктүрүү каралган. Буга байланыштуу «Азия менен Европанын соода-транспорттук көпүрөсүн» континенттерди байланыштыруучу тармакка айландырып, дараметти болушунча арттыруу көздөлүүдө.

ЕРЛАН АБСАТОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТРАНСПОРТ БИРИМДИГИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул жылы да Казакстандын транспорт коридорлорун өнүктүрүү көздөлүүдө. Ошондуктан азыркы тапта соода-транспорттук тармакты жакшыртууга багытталган атайын программа жигердүү түрдө өнүктүрүлүп жатат. Учурда ага байланыштуу атайын кеңеш уюштурулду. Ага жүк ташуу тармагына кызыгуу артып жаткан бизнес өкүлдөрү жана тийиштүү мамлекеттик тармак өкүлдөрү чогулду. Анткени бул дарамети абдан чоң, атаандаштыкка туруктуу багыттардын бири.

Фото: camonitor.kz