Өткөн жылы Казакстан экономикасынын өсүшү 4,5 пайызды түздү

Өткөн жылы Казакстан экономикасынын өсүшү 4,5 пайызды түздү

Өткөн жылы Казакстан экономикасынын өсүшү 4,5 пайызды түздү. Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы менен өткөн Өкмөттүн кеңейтилген отурумунда айтылды. Премьер-министр социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады. Аскар Мамин өз сөзүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгилеп өттү.

Бардык тармактарда бир кыйла өсүү байкалды. Негизги капиталга салынган инвестициялар 8,5 пайызга өскөн. Каражаттын басымдуу бөлүгү агрардык тармакка жумшалды – болжол менен 4,5 триллион. Астана эл аралык каржы борборунун негизинде 4-өнөр жайлык революцияны баштоо мерчемделип жатат. Учурда өкмөт алдына экспортту көбөйтүү милдетин койду. Соодадагы тоскоолдуктар жоюлуп, өндүрүүчүлөргө сервистик колдоо көрсөтүлөт.

АСКАР МАМИН, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Жыйынтыгында 2020-жылы чийки эмес заттардын экспорт көлөмүн 3 миллиардка, башкача айтканда, 18,6 миллиард долларга чейин  көбөйтүү мерчемделип жатат. 2020-жылы  күйүүчү-энергетикалык ресурстарды иштетүү көлөмүн жогорулатуу багытындагы иштер улантылат. 90 миллион тонна мунай жана 56,5 миллиард куб метр газ өндүрүү мерчемделүүдө. Күйүүчү-энергетикалык комлекс долбоорлоруна багытталган  инвестициянын жалпы көлөмү  2 миллиард теңгени түзөт.

Фото:primeminister.kz