Түркистан облусунда мал азыгын чыгарган завод ишке кирди

Түркистан облусунда курама жем чыгарган завод ишке кирди. Бул – аймактагы мал азыгын даярдаган жалгыз ишкана. Жылдык кубаттуулугу 70 миң тонна. Азырынча даяр өнүм бир гана ички рынокко жөнөтүлүүдө. Алдыда ишкана өз өнүмүн Өзбекстан менен Ооганстанга экспортко чыгарууну мерчемдеп жатат. Жаңы өндүрүш жайы толук түрк технологиясы менен жабдылган. Бардыгы автоматташтырылган система менен иштейт. 18 адам туруктуу иш менен камсыз болгон. Долбоордун баасы 850 миллион теңге. Буга чейин жергиликтүү фермерлер мал азыгын Чыгыш Казакстан облусунан ташып келишчү.

МУСРАТУЛЛА АБДИКАДЫРОВ, ИШКЕР:

- Күнүнө 250 тонна өнүм чыгарабыз. 2-3 жылда өзүн-өзү толук актайт. Негизги чийки зат булагы арпа менен буудай. Аны жергиликтүү чарбачылыктардан сатып алабыз. Азыр завод төрт түрдүү өнүм чыгарат. Суроо-талап жогору. Келечекте өндүрүш кубатын жогорулатып, кеңейтүүнү мерчемдеп жатабыз.

Фото: 24.kz