Немис ишкерлери Казакстанга каржы салууга кызыктар

Немис ишкерлери Казакстанга каржы салууга кызыктар

Немис компаниялары Казакстан экономикасына инвестициялар көлөмүн көбөйтүүгө кызыктар. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Роман Склярдын Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык аймагына болгон жумуш сапарында белгилүү болду. Эки тараптуу жолугушууда аймактын жетекчи ишкерлери Казакстанга кызыгуусун жашырбай, так долбоорлорду талкуулашты.

АНДРЕС РУФФ, КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Компаниябыз эт өндүрүү жана аны иштетүү менен алектенет. Казакстанда фабрика ачып, өнүмүн башка өлкөлөргө экспортко чыгаруу мерчемибизде бар. Өлкөңүздөр эң сонун, агро өнөр жай тармагында мүмкүнчүлүктөрү арбын. Сүйлөшүүлөр мазумундуу өттү. Премьер-министрдин орун басарынын сапары Казакстан инвестицияларга ачык өлкө экенин көрсөттү.

ЙОАХИМ ГОЛДБЕК, КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз Казакстанда эки ири долбоорду ишке ашырдык. Бирөө Караганды облусунун Сарань шаарында жайгашкан. 150 миллион доллар инвестиция салдык. Азыр Түштүк Казакстан менен Карагандыда башка долбоорлорду ишке киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Казакстан жигердүү түрдө өнүгүп келе жатат жана күн энергетикасын колдонууда мүмкүнчүлүктөрү жогору деп эсептейм. Бир жагынан бул кенен жер, экинчиден күндүү күндөр көп.

Ошондой эле, Дортмундда немис бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен тегерек стол өттү. Бул жолугушууга 24 компаниянын жетекчилери катышты. Жолугушуунун алкагында жергиликтүү ишкерлерге Казакстан Президентинин демилгеси менен немис бизнесине жасалган өзгөчө жагдайлар, жеңилдиктер жана колдоо шарттары тууралуу айтылды.

 РУСТАМ ИСАТАЕВ, КР ТИМ ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Башкача айтканда, экономиканын артыкчылык берилген тармактарына каржы салган өлкөлөр эң көп киреше табарын тажрыйба көрсөтүп жатат. Өз учурунда немис ишкерлери так суроолору менен тилектерин жеткиришти. Алардын бардыгы премьер-министрдин орун басары Роман Скляр баштаган депутаттык топтун ишинде каралат. Бул топ мамлекет башчыбыздын Германияга болгон сапарынын алкагында анын түз тапшырмалары менен түзүлгөн.

Германия дүйнө жүзү боюнча "Индустрия 4.0" концепциясын киргизе баштаган алгачкы өлкөлөрдүн бири. Дортмундда казакстандык өкүлдөр тобу насосторду чыгарган заводдун жумушу менен таанышты. Бул ишканада робототехниканын эң мыкты жетишкендиктери колдонулуп келет.

Фото: Хабар 24