Агрардык комплекстин заманбап чечимдери

Айыл чарбасын жакшыртууда заманбап ыкмалар колдонулат. Казакстандын агро өнөр жай комплексинин ишкерлик кеңеши «Агробизнес 2025» программасын ишке ашырууну сунуштап жатат. Инновацияга негизделген баштапкы долбоорлорду системалаштырып, жерлерди жана дыйкандарды бир нукка бириктирүү көздөлүүдө. Бул максатта аймактын долбоордук кеңселери менен калктуу конуштарды өнүктүрүү талдоочулук борборлорду жана илимий кеңештерди түзүү каралган. Алар өз ара атайын желе системасы аркылуу бириктирилген болот. Натыйжада көйгөй чечилип, негизги жалпы маселелерди онлайн режиминде талкуулоо мүмкүнчүлүгү пайда болмок.

АРМАН ЕВНИЕВ, АӨК КАЗАКСТАНДЫК ИШКЕРЛИК КЕҢЕШИ» БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бир гана өзүбүз бардык маселени чечпей, дүйнөдө бул жаатта эмне болуп жатат деген ойдо, эң мыкты университеттерди бириктирип, кызматташтыкка чакырып, конкреттүү кластерлерге бириктирели деп жатабыз. Башкача айтканда, бүгүнкү заман талабы ушундай. Бардыгын маалыматка байланыштуу «биг дата» дейбиз. Жаңы технологиялар бар. Буга байланыштуу биз атайын «агро дата кз» деген долбоорду сунуштап жатабыз. Ал аналитикалык платформаларга негиздеме жасайт.

Фото: today.kz