Казакстан менен Словакиянын кызматташтыгы

Казакстан менен Словакия ортосундагы алака аянты кеңейип келет. Тараптар энергетика, кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү багытында кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар. Борбордо чогулган эки өлкөнүн ишкерлер тобу дал ушундай келишимге жетишип, бир катар меморандумдарга кол коюшту. Жыйында эки тараптын инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорунун дарамети тааныштырылып, экономикалык карым-катнаштын мейкиндигин арттыруу маселелери талкууланды. Айта кетсек, былтыр өз ара товар алмашуу 26 миллион доллардан ашкан. Быйыл бул сумманы эселөө көздөлүп жатат. Словакия 2005-жылдан бери Казакстанга 20 миллион доллардан ашык инвестиция салган. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында словакиялык капитал менен 40ка жакын компания иштейт.

РОМАН ВАСИЛЕНКО, СЛОВАКИЯДАГЫ КАЗАКСТАНДЫН ЭЛЧИСИ:

- Айыл чарба багытындагы кызматташтыкты өзгөчө атап өткүм келет. Бизге Словакиянын айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү технологиясы кызыктуу. Ал эми Словакиянын биздин өлкөдөн өздөрүнө инвестиция тартуу жана Казакстан экономикасына каржы салуу ниети бар. Эки тараптуу ишкерлик жыйындын жыйынтыгына ылайык, форумдун жүрүшүндө келишилген үч меморандум өз ара товар алмашуу көрсөткүчүн жогорулатууга салым болоруна ишенебиз.

Фото:mfa.kz