Казакстан менен Тажикстан: Кызматташтыктын 27 жылы

Казакстан менен Тажикстандын 27 жылдагы стратегиялык өнөктөштүгүнүн жыйынтыгы Нур-Султан шаарында талкууланды. Мында дипломаттардын, Парламент депутаттарынын, ошондой эле тажик диаспорасынын жана саясат таануучуларынын катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Жолугушууга катышкандардын пикиринде, мамлекеттер эки элдин достугун, байыртадан калыптанган салтын гана сактап койбостон, аны бекемдеп, карым-катнашты жаңы деңгээлге көтөрө алды.

Айта кетсек, акыркы жылдары Борбор Азиянын эки өлкө ортосундагы тышкы сооданын көлөмү жана экономикалык байланыштардын бекемделгени байкалды. Бир гана өткөн жылды алганда, өлкөлөр 957 миллион доллардан ашык суммага соода алмашып, өсүүнүн көлөмү 14,5 пайызды түзгөн. Буга катар тажик товарларынын импортунун үлүшү 220 миллион долларга жетсе, ал эми Казакстандын товар экспорту жети жүз элүү миллион долларды түздү.

ХАЙРУЛЛО ИБОДЗОДА, ТАЖИКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ТОЛУК ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ

- Бул биздин өкмөттөрүбүздүн, министрликтер менен мекемелердин жана жыл сайын чогулуштарды өткөрүп жаткан биздин бардык келишимдерди талдай турган, ошондой эле Нур-Султанда да, Дүйшөмбүдө да бизнес-форумдарды уюштурган жана биргелешкен долбоорлорду жасаган комиссиянын талыкпаган иш-аракетинин жыйынтыгы. Ошондой эле 2007-жылдан баштап азыркы убакытка чейин Тажикстан экономикасына 520 миллион доллар инвестиция жасалды жана 84 биргелешкен ишкана түзүлдү. Анын 15и казакстандык ишкерлер. Мындан сырткары 4 тажик ишкеринин Казакстанда ири компаниялары бар.

Фото: ehonews.kz