Өндүрүштү роботтоштуруу

Санариптик технологияларды киргизүү казакстандык ишканалардын дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда. Түркестан облусундагы трансформатор заводунда роботтоштурулган техника колдонулат.

Жалпы баасы 1 миллиард теңгени түзгөн 2 робот данекерлөө жана өнүмдү жыйноо менен алектенет. Анын натыйжасында чыгаша көлөмү 10 пайызга кыскарат жана өндүрүш көлөмү өсөт. Белгилей кетсек, Кеңтоо трансформаторлор заводу – өлкөнүн алдыңкы ишканаларынын бири. Завод трансформаторлордун 400гө жакын түрүн чыгарат, анын жарымы жакынкы чет мамлекеттерге экспорттолот.

ХАЙРУЛЛА КОЖАБАЕВ, ТРАНСФОРМАТОР ЗАВОДУНУН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Көз карандысыз жылдары биз экспортко чыгара турган өнүмдөрүбүздүн санын көбөйттүк. Мисалы үчүн, Монголия, Европа, Чехия, Латвия, Украина, Беларусь, Армения, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан сыяктуу мамлекеттерге өзүбүздүн чыгарган өнүмдөрүбүздүн 40 пайызын экспортко жиберип жатабыз. Бул биздин жамааттын, өлкөбүздүн ийгилиги.

Фото: fdlx.com