Өлкөдөгү айыл чарбачылыгына бөлүнгөн инвестиция көлөмү 40 пайызга жогорулады

Өлкөдөгү айыл чарбачылыгына бөлүнгөн инвестиция көлөмү 40 пайызга жогорулады. Тармактык мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, өткөн жылдын 11 айында ата мекендик агро өнөр жай комплексине салынган каржы көлөмү 429 миллиард теңгеден ашкан.

Болжол менен каражаттын 80 пайызы инвесторлор менен ишкерлер салымына тиешелүү экенин белгилей кетүү зарыл.

Айта кетсек, инвестициялардын негизги бөлүгү 93 жарым миллиард теңгеге жакын. Ал каражат өлкөдөгү башкы аймактарынын бири Түндүк Казакстан облусуна таандык. Ал эми Павлодар аймагынын жетишкендиги катары инвестиция көлөмүн 2018-жыл менен салыштырганда үч эсеге өскөндүгүн байкоого болот.

МУХАМБЕТ ЖЕКЕЕВ, РК АШМ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ ДЕПАРТАМЕНТИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер, субсидиялоо сыяктуу белгилүү бир шарттар түзүлүүдө. Жалпысынан 2019-жылы айыл чарбачылыгына инвестиция тартуу жагынан абдан ийгиликтүү болду. Ошондой эле, чет элдик өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү карым-катнаштардын алгачкы пайдубалы түзүлдү.

Серепчилердин айтуусунда, кошумча каражат тартуу менен катар, тармакта эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктер бар. Атап айтсак, эл аралык агро тармактын алдыңкылары менен кызматташтыгын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.

МУХАМБЕТ ЖЕКЕЕВ, РК АШМ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САЯСАТ ДЕПАРТАМЕНТИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Өткөн жылы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Германияга расмий сапарынын жүрүшүндө өлкөнүн айыл чарба министри Германиянын азык-түлүк жана айыл чарбачылыгы министри менен биргелешкен макулдашууга кол койду. РКнын премьер-министри Аскар Маминдин АКШга иш сапары алкагында Казакстанда этти кайра иштетүү жана ирригация системаларын өндүрүү боюнча ишкана ачуу максатында АКШдагы агро бизнесте көч баштаган инвесторлор менен маанилүү келишимге кол коюлду. Ошондой эле, айыл чарба министри Сапархан Омаров тарабынан Аргентина, Грузия, Германия, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн тийиштүү структураларынын башчылары менен Агро Өнөр жай комплекси тармагындагы өнүгүү жана кызматташтык маселелери боюнча бир катар меморандумдар менен келишимдерге жетишилди.

Фото: matritca.kz