ЕАЭБдин түзүлгөнүнө 5 жыл

Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөнүнө 5 жыл. Белгилей кетсек, интеграциялык биримдик өзүнүн мааракесин жыйынтыктап, эми алдыдагы беш жылдыктын планын аныктады.

Атап айтканда, 2025-жылга чейин электр энергиясы менен мунай-газ тармагынын жалпы кеңешин түзүп, өзгөчө каржылык рынокту калыптандыруу максаты турат. Мындан мурун эки-үч жылдын ичинде кызмат көрсөтүү рыногун бир жолго коюу көздөлгөн.

Адаттагыдай, өз ара байланышты жакшыртуу менен катар тышкы саясат да көңүл сыртында калбайт.

БЕКЖАН САДЫКОВ, КАЗАКСТАН СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН БАШКЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Биримдикке мүчө мамлекеттердин бардыгында тең макроэкономикалык көрсөткүчтөр туруктуу экенин белгилей кетүү керек. Бул ЕАЭБдин дүйнөлүк рынокто, эл аралык даражада калыптанган беделдүү өзүнчө субъект катары өнүгүп, таанылуусу менен түздөн-түз байланыштуу. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы биримдиктин өнүгүү көрсөткүчтөрүнө ылайык 140 өлкөнүн ичинде 45-орунга жайгашты.

Дүйнө өлкөлөрү беш өлкөнүн 180 миллиондон ашуун элин бириктирген чоң рынокко чыгууга кызыктар. Чыгыш менен Батышты байланыштыруучу көпүрөгө айланган негизги биримдик эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүүгө умтулган өлкөлөр тарабынан мол кызыгуучулук туудуруп жатат. Ошондуктан алдыдагы убакытта да башкалар менен соода алмашууну бекемдөөгө басым жасалат.

БЕКЖАН САДЫКОВ, КАЗАКСТАН СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН БАШКЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Биримдик башка өлкөлөргө макроэкономикасы менен жагымдуу. Мунун аркасында бүгүнкү күндө дүйнөнүн 50дөй мамлекети менен келишимдер түзүлдү. Анын көбү күчүнө кирди. Алардын катарында Греция, Куба сыяктуу өлкөлөр бар.

Айта кетсек, биримдиктин негизги капиталына тартылган инвестициянын өсүшү жыл сайын болжол менен 6 пайыздык денгээлде сакталып келет. Учурда өзгөчө экономикалык биримдикке салынган каржынын көлөмү 325 миллиард долларга жетти. Биримдик түзүлгөндөн бери 10 миңден ашык биргелешкен ишкана ачылган. Ал эми жалпы ички өнүмгө келе турган болсок, ал 5 жылда 15 пайызга артып, 2 триллион долларга жетти.

Фото: eurasiancommission.org