Казакстан-Израиль: 2019-жылы товар жүгүртүү жарым миллиард долларды түздү

Казакстан менен Израилдин ортосундагы товар жүгүртүү 2019-жылы жарым миллиард долларды түздү. Өлкөлөр эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн мамлекеттер экономиканын ар түрдүү тармактарында кызматташууну жигердештирүүнү мерчемдөөдө. Өнөктөштүктүн артыкчылыктуу тармактарына айыл чарбасы, маалыматтык технологиялар, социалдык ишкердик жана башкалар кирет.

Атап айтканда, агро өнөр жай тармагында тараптар алдыңкы тажрыйбаларды алмашууну гана эмес, биргелешкен инвестициялык фондду түзүүнү көздөөдө.

ЛИАТ ВЕКСЕЛЬМАН, ИЗРАИЛДИН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ

-Казакстанда талкуулана турган эң ири долбоорлордун бири бул жергиликтүү жана израилдик эл аралык инвесторлор фондун түзүү. Өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жергиликтүү израилдик, ошондой эле чет элдик инвесторлор бул фондко каражат салат. Анткени Казакстандын айыл чарбасы абдан жакшы өнүккөн. Сиздер Орусияга, Кытайга жана Жакынкы Чыгышка өз товарларыңыздарды жеткиресиздер. Ошондуктан биз сиздердеги жашылча-жемиштер, дан эгиндерди, ошондой эле эт рыногун мындан ары өнүктүргүбүз келет.

Албетте, Казакстан менен Израиль өз ара маданий байланышты да эстен чыгарбайт. Адистердин айтымында, кино көрсөтүүлөрдү коюу карым-катнашты мындан ары да бекемдейт жана эки өлкөнүн элин жакындатат. Жакында Нур-Султанда израилдик “Үйлөнүү планы” тасмасынын бетачары өттү. Иш-чаранын бетачары 73-Венециялык кинофестиваль алкагында уюштурулду. Чыгарма өз кезегинде түрдүү сыйлыктар менен кино сынчыларынын жакшы пикирлерине ээ болгон. Казакстандыктар кинону өз тилинде англис субтитрлери менен көрө алышат.

Фото: Хабар 24