Казакстандын экономикалык жыл жыйынтыгы

Казакстандын 2019-жылдагы ички дүң өнүмүнүн өсүшү мерчемделген көрсөткүчтөн ашты. Көрсөткүч 4 пайыздан көп. Серепчилер муну өндүрүштүк көлөмдүн өсүп, кызмат көрсөтүү тармагынын жакшырышы менен байланыштырып жатат. Өсүү деңгээлинин жакшыруусуна чийки эмес зат тармагынын үлүшү таасир берди.

Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өнөр жайдын өсүш жигердүүлүгү сакталган. 2019-жылдын 11 айында өндүрүш көлөмү 3,6 пайызга өскөнү байкалат. Иштетүүчү өнөр жайдын өсүш деңгээли 3,8% түзөт. Бул машина куруу жана фармацевтика тармактарынын өнүгүшү менен түз байланыштуу. Тоо-кен өндүрүш ишканаларынын өсүшү 3,7 % деңгээлин көрсөтүп жатат. Курулуш тармагынын өсүү жигердүүлүгү да сакталган. Курулуш жумуштарынын көлөмү 12,1 пайызга өстү. Кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердик жигердүүлүк да өскөн. Соода-сатык тармагынын көлөмү 7,5 пайызга көбөйдү.

ДЖОВАННИ КАПАННЕЛЛИ, КАЗАКСТАНДАГЫ АДП ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Биздин алдын ала божомолубузга ылайык, быйыл Казакстан 3,8 пайыз өсүш көрсөтөт деп күткөнбүз. Кийин үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын натыйжалары колубузга түшкөндө, болгону ушул убакыт аралыгында эле бул көрсөткүчтүн өсүшү 4,3 пайызга жеткенин көрдүк. Биз ошондуктан Казакстандын өсүү божомолун кайра карадык. Негизи экономикалык изилдөөлөр бөлүмү Казакстандын 2019-жылдагы ички дүң өнүмүнүн деңгээли 4,1 пайызга өсөт деп бааланган. Эми ал дагы өсөт деп күтүп жатабыз.

Казакстан инвестициялык жигердүүлүктү жогорулатууга басымдуулук берип келет. 2019-жылдын башында гана өлкөгө жаңыдан 40 жакын чет өлкөлүк инвестор келген. Бул багытта көз карандысыздык жылдары жергиликтүү экономикага 120 өлкөдөн 330 миллиард доллар тартылганын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында чет өлкөлүк капитал менен иш алып барган 17 миңге жакын компания катталган.

МУСТАФА ЯВУЗ, ИНВЕСТОР / ТҮРКИЯ:

- Биз электроника тармагында иш алып барабыз. Ыраакы Чыгыш өлкөлөрү менен Германияга инвестиция салдык. 9 ай мурда Казакстанга каржы багыттайбыз деп чечтик. Чечимибиз туура болгонуна ишенимдебиз. Өлкөдө үч даражалуу система аркылуу инвесторлор үчүн жасалган ыңгайлуу шарттарды пайдаланып, биз банк, мобилдик жана соода тармактарында электрондук коопсуздук системасын ишке кошобуз.

Чакан жана орто бизнес тең өлкө экономикасынын өнүгүшүнө алгылыктуу салып кошуп келет. Үстүбүздөгү жылдын бештин айына чейинки көрсөткүчкө ылайык чакан жана орто ишкердик субъектилеринин катары 7,8 пайызга өсүп бир миллион 300 миңге жеткен. Адистердин айтымында, дүйнөлүк соода агымынын төмөндөшү сыяктуу факторлорго карабастан Казакстан жигердүү экономикалык өсүшүн сактап кала алды. Буга индустриалдаштыруу программасын ишке ашыруу жана ишкердикти колдоого багытталган аракеттер таасирин тийгизген.

Фото: 365info.kz