“Турак-жай курулуш сактык банкынын” Павлодардагы бөлүмүнө 15 жыл

“Турак-жай курулуш сактык банкынын” Павлодардагы бөлүмү 15 жылдыгын белгилөөдө. Анын жардамы менен 15 жыл ичинде 10 миңден ашык шаар тургуну жаңы конушка ээ болду. Жыл сайын жылдын жыйынтыгы боюнча каржы институту өзүнүн аманатчыларынын эсебине мамлекеттик сыйлык акы чегерет. Анын эң жогорку өлчөмү 101 миң теңге. Бул өздөрүнүн салымын көбөйтүү үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк.

ТАЛГАТ КУСАИНОВ, ТУРАК-ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫНЫН АМАНТЧЫСЫ:

- Сонун. Баарыбыз абдан ыраазыбыз. Салым абдан жакшы болду жана келечекте да жакшы болот деп ойлойм.

“Турак-жай курулуш сактык банкы” жаңы “Сарыарка” кичи-району курулушунун жигердүү катышуучусу. Пайдубалы жаңыдан тургузулган беш көп кабаттуу үйдөн 396 банктын аманатчысы батир алды. Акыркы учурда балдар депозитине кызыгуучулук арткан.

АКМАРАЛ МУХАМЕДЖАНОВА, ТУРАК-ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫНЫН АМАНАТЧЫСЫ:

- «Турак-жай курулуш сактык банкы» чындыгында рынокто жакшы кызматтарды сунуштап келет. Башкача айтканда, мен келечекте балдарымдын атына депозит ачууну көздөп жатам. Бул нерсе балдарыбыздын келечегине пайдалуу болот деп ойлойм.

Банк өзүнүн аманатчыларына натыйжалуу пайыздык өлчөмдөрдү гана эмес, майрамдык маанай да тартуулайт. Аяз ата жана аяз кыздын катышуусу менен муз аянтчасында өткөн «Zhilstroi Ice Party» иш-чарасында банк кызматкерлери насыялоого байланыштуу түрдүү лайфхактарды көрсөтүп, жаңы жылдык белектерди таратып берди.  

БОТАГОЗ КАМАРОВА, ТУРАК-ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫНЫН ПОФ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Алдыдагы жылы аэропорт районунда жеке турак-жай курулушу багыты боюнча иш башталат. Андыктан жер үлүштөрүнө кезекте турган шаар тургундарын чакырабыз. Жер тилкелеринен уруксат кагазын алып бизге келсе болот. Биз кубануу менен кызмат көрсөтөбүз.

“Турак-жай курулуш сактык банкы” аманатчыларына жаңы “Достук” кичи районунан үй бере баштайт.

Фото: tengrinews.kz