Турак-жай сактык банкы 2019-жылы рекорддук өсүш көрсөттү

Быйыл Турак-жай курулуш сактык банкы үчүн “Бактылуу үй-бүлө” жылы болду.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен түзүлгөн “Бактылуу үй-бүлө” программасы аталган каржы институту сунуштаган кызматтардын ичинен мыкты аталды. Беш ай ичинде 4 миңден ашык казакстандык үй-бүлө жаңы конушка ээ болду. Дагы 740 өздөрүнө ылайык батир издөөдө.

ЛЯЗЗАТ ИБРАГИМОВА, АО “КАЗАКСТАН ТУРАК-ЖАЙ САКТЫК БАНКЫ” БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Теке жана баш оона айларында арыз берген беш миң кардарга байланыштуу, алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү, толук эмес жана көп балалуу экенин эске алып, биз бизнес-жараянын толугу менен кайрадан иштеп чыктык. Андагы башкы максат - алардын рынокто өздөрүнө ынгайлуу болгон батир тандоосуна мүмкүнчүлүк түзүү.

Ошондой эле, Ляззат Ибрагимованын айтымында, Турак-жай курулуш сактык банкы үстүбүздөгү жылы айти-технологияларга негизделген өзгөчө кызмат көрсөтүү эко-системасын иштеп чыкты. Ал кардарлар менен иштешүүгө багытталган.  

АДИЛЕТ КОЖАНБАЕВ, АО “КАЗАКСТАН ТУРАК-ЖАЙ САКТЫК БАНКЫ” БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз укуктук белгилөөчү кепилдик документтерди кабыл алуу жараянын жокко чыгарган биринчи банк болуп саналабыз. Жакынкы мезгилден тартып бул документтер колдонуудан чыгарылат. Бул турмуш-тиричилик маселелерин мыйзамдаштыруу учурунда кардарга олуттуу тоскоолдук кылып келген.

Учурда Турак-жай курулуш сактык банкынын түрдүү программалары боюнча бир жарым миллион казакстандык батир алууга каражат чогултуп жатат. Өкмөт да  батир алууга көмөк көрсөтөт. 505 000 теңгеден ашпаган аманатка кошумча 20 пайыздык сыйакы берилет.

Фото: pavlodarnews.kz