«Бир алкак – бир жол» демилгеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет

Кытай Эл Республикасынын «Бир алкак – бир жол» демилгеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Серепчилердин айтымында, Кытайдан жаңы инфраструктуралык долбоорлорго тартылган инвестициия аймактын жалпы өнүгүшүнө таасир берет. Бүгүнкү күндө аймактагы мамлекеттер аталган программанын алкагында логистикалык желелер, унаа коридорлору жана транзиттик жүк ташуулар тармактарын жакшыртууга кызыктар.  Алардын катарында «Батыш Европа – Батыш Кытай» автомагистралы, «Түндүк – Түштүк» борбордук транзиттик коридору жана «Чуньцин – Дуйсбург» трансазиялык темир жол долбоорлору бар.

 ГЕРГЕЛИ САЛАТ,  КЫТАЙ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ / ВЕНГРИЯ:

- Бүгүнкү күндө «Бир алкак – бир жол» программасын ишке ашыруу алкагында 130га жакын өлкө Кытай менен кызматташтык тууралуу келишим түзүштү. Орток долбоорлордун негизи Евразия менен Африка өлкөлөрүнө тиешелүү. Бул болжол менен дүйнө элдеринин 60 пайызын түзүп жатат. Ушул эл аралык демилге эң биринчи өнүгө турган өлкөлөр үчүн керек деп эсептейм. Себеби, алар долбоордун аркасында инфраструктуралык долбоорлорду колго алып, тармакты жаңыртууга кызыктар болууда. Бул айрыкча Түштүк-Чыгыш Азия, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн абдан кызыктуу. Ошондуктан масштабдуу демилгенин шарапатын биринчи ушул аймактардагы мамлекеттер көрөт. Кийин өнүккөн өлкөлөр да программанын мүмкүнчүлүктөрүн керекке жарата алат.

Фото: egemen.kz