ЕАЭБ: Бирдиктүү каржы рыногу түзүлөт

Бирдиктүү экономикалык кеңештеги өлкөлөрдүн жалпы рыногу түзүлөт.

Сенатта «Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин каржы рыногуна байланыштуу мыйзамын макулдашуу боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору кабыл алынды. Келишимде жети багыт аныкталган.

Ал биримдикке мүчө өлкөлөрдүн банктык сактоо, баалуу кагаздар менен кызмат көрсөтүү лицензияларын өз ара таанып, рынокко чектөөсүз кирүүнү камсыз кылуу максатында административдик тоскоолдуктарды жоюуну көздөйт. Аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртып, көзөмөлдөө тартибин бекитүү пландалган. Ошондой эле, документте каржы кызматтары кардарларынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо талаптары ар тараптуу каралган. Шериктеш мамлекеттердин бирдиктүү каржылык кызыкчылыгын координациялоо мерчемин 2025-жылы аяктоо көздөлүп жатат.

Бул кабыл алынган иш-чаралар катышуучу өлкөлөрдүн каржылык тармагынын атаандаштыкка туруктуулугун арттырууга мүмкүндүк берет, дешет адистер.

ЕСЖАН БИРТАНОВ, РКНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Шайкеш критерийлер Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн биринин мыйзамы боло албайт. Шайкеш критерийлер эл аралык принциптер менен стандарттар эң мыкты эл аралык тажрыйба негизинде жүргүзүлөт. Көз карандысыз акча-насыя саясатын жүргүзүү, каржылык туруктуулукту камсыз кылуу жана көзөмөлдөө кызматын ишке ашыруу боюнча функциялар борбордук банктарда жана каржы жөнгө салуучуларында калат.

Фото: ca-news.org