Казакстан менен Румыниянын кызматташтыгы

Казакстан менен Румыниянын ортосундагы кызматташтык чөйрөсү кеңейүүдө. Түштүк Чыгыш Европа өлкөсүнүн ири компаниясы Казакстанда жүк ташый турган вагондорду кураштыруу жана темир жол объекттеринин кошумча бөлүктөрүн чыгарууга арналган биргелешкен ишкана ачууга кызыктар. Ошондой эле, тараптар энергетика, айыл чарба сыяктуу негизги экономикалык тармактарда өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну көздөйт. Эки жактуу эффективдүү карым-катнашты өнүктүрүү үчүн аба байланышын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз аба каттамын ачуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Казакстандын Румыниядадгы элчиси Нурбах Рүстемов маалымадады.

НУРБАХ РҮСТЕМОВ, КАЗАКСТАНДЫН РУМЫНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Кийинки жылы биз сынактык учуу жасайбыз. Ал эми 2021-жылдан баштап туруктуу системада эки мамлекеттин ортосундагы ири шаарларды кошот. Бул багытта иштер жүрүүдө. Түз каттамдардын ачылышы өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Бул биринчиден. Экинчиден, соода-сатык өсөт. Соода каттамы абдан жогорку деңгээлде, башкача айтканда, жылына 1 миллиард 800 миллион доллар. Ушул жылдын тогуз айында 1 миллиард 337 миллион долларды түздү. Биздин оюбуз боюнча, быйылкы жылы да жогорудагы көрсөткүчтөр сакталат.

Фото: mfa.gov.kz