Нур-Султандын экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы

Нур-Султан – бизнес жүргүзүү жана инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн өлкөнүн ишкердик борбору. Жыйынтыктоочу маалымат жыйынында шаар акими Алтай Көлгинов жалпы аймактык өнүм түзүмүндөгү кичи жана орто бизнес үлүшү 52 жарым пайызды түзгөнүн билдирди.

Бул Казакстандагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. 2008-жылдан бери ал эки эсеге өстү.

Жалпы, коомдук-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары оң динамиканы көрсөтүүдө. Ушул жылдын 11 айында жалпы аймактык өнүм 4,2 пайызга өсүп, 2 триллион 700 миллиард теңгени түздү. Аны менен бирге, өнөр жай өнүмүнүн көлөмү 11 пайызга өстү.

АЛТАЙ КӨЛГИНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Соода тармагындагы оң тренд уланууда – өсүш 4,6% жана кичи жана орто бизнес субъекттери өндүргөн өнүм көлөмү 3,3 пайызга өсүп, 2,4 триллион теңгени түздү. Экономиканын чыныгы тармагында 21 миң 400 жаңы туруктуу жумуш орундары түзүлдү, анын ичинде 20 миңге жакыны – бул чакан жана орто бизнес тармагына тиешелүү. Башкача айтанда, 93 пайызы. Жарым жыл менен салыштырганда курулуш жумуштарынын көлөмү боюнча 18 пайызга өсүп, буга чейин 80 болсо, азыр 98,5 пайыз болду. Тартылган инвестициялар боюнча 80 пайыз болгон, ал  90го жетти. Башкача айтканда, өсүш 10 пайыздан жогору.

Фото: astana.gov.kz