АӨБ Казакстанга 5 миллиард доллар инвестиция салды

Азия өнүктүрүү банкы 25 жыл кызматташуу ичинде Казакстанга 6 миллиард доллардын тегерегинде инвестиция салды.

Республика бул каражаттарды карыз түрүндө жана айыл чарбасы, ирригация, финансы, транспорт, энергетика жана башка тармактарда техникалык колдоо түрүндө алган. Белгилей кетсек, Казакстан Азия өнүктүрүү банкы менен 1994-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп өнөктөштүк түзгөн. Бүгүнкү күндө республика каржы институту менен кызматташтыкты улантып келет.

Артыкчылык багытта - инфраструктураны өнүктүрүү, инновацияларды илгерилетүү, экологиялык стандарттарды киргизүү, кайра жанма энергия булактырынын жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачуу боюнча программалар жана долбоорлор бар. Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү белгилегендей, өлкө эгемендүүлүк жылдарында чөлкөмдө өзүнүн лидерлигин далилдеп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы эң ири экономика болуп саналат.

ДЖОВАННИ КАПАННЕЛЛИ, АӨБНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биринчилерден болуу - бул Казакстандын мүнөзүндөгү нерсе. Сиздердин өлкө ар дайым бардык окуялардын алдыңкы катарында. Ал эми ар кайсы тармактарда жетишилген реформалар жана өнүгүү жагынан алганда Казакстан аймактагы лидер болуп саналат. Акыркы бир нече жыл ичиндеги мисалдардын бири-Казакстандын туруктуу өнүгүү максаттары тармагындагы лидерлиги. Үстүбүздөгү жылдын жетинин айында биз өкмөт жана БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргелешип ТӨБнун максаттарын колдоо үчүн бир нече регионалдык саммит өткөрдүк, анда Казакстандын жана бул тармактагы аймак өлкөлөрүнүн каржылык аспектилерине, маселелери менен керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Фото: ritmeurasia.org