Касым-Жомарт Токаев «Алтын сапа» сыйлыгынын лауреаттарына сыйлык тапшырды

Санариптик технологияны киргизген кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларынын санын 2025-жылга чейин 200гө чейин жеткирүү. Мындай милдетти Мамлекет башчысы өкмөткө тапшырды. Жыйынтыгында толук автоматташтыруу менен роботтоштурууга жетишүү көздөлгөн.

Президент Касым-Жомарт Токаев маалымдагандай, Казакстандагы өнөр жай өнүгүшүнүн маанилүү багыты - индустрия 4.0. Учурда ишканаларды санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорлор бүткүл өлкө боюнча ишке ашырылууда. Казакстандын Президенти улуттук бизнестин атаандаштыкка туруктуулугун өнүктүрүү республика үчүн башкы милдет болуп саналарын атап өттү.

Мамлекеттин индустриялык саясатынын негизги элементи экспортко деп берип, ички рынокту илгерилетүү болуп саналат.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- 2020-жылдан баштап индустриалдаштыруунун үчүнчү программасын ишке ашыруу колго алынат. Биз жеке тармактын дараметин болушунча пайдаланып, экспортко багытталган кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багыт алдык. Индустриалдаштыруунун үчүнчү беш жылдыгын эске алып, кайра иштетилген өнүмдүн экспортун жогорулатуу, өнүмдү технологиялык көз караштан жакшыртуу, сапаттуу иш орундарын түзүү көздөлгөн.

Президент өлкө экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мыкты өндүрүүчүлөрдү сыйлады. Жеңүүчүлөрдүн ысымы жыл сайын өтүүчү «Казакстандын мыкты товары» сынак-көргөзмөсү, Президенттик «Алтын сапа» сыйлоо аземинде белгилүү болду.

Быйыл сынакка катышууга 450гө жакын уюм арыз берген.

Фото: Мир  24